• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Вице-премьер 13 жаштагы зордукталган кыздын энесине жолукту

19 Бештин айы 2020 23:10 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Ысык-Көл облусуна болгон иш-сапарынын алкагында Тоң районунда зордукталган 13 жаштагы кыздын апасы менен жолукту.

Сурабалдиева бул ишти жеке көзөмөлүнө алып, маалыматты угары менен керектүү жардам жана колдоо көрсөтүү үчүн мамлекеттик, жергиликтүү органдарга тапшырма бергенин билдирген.

«Коомчулук мындай окуяларга унчукпай карап калбашы керек. Зордуктоонун курмандыктары, өзгөчө балдарга карата жасалган кордуктарга социалдык кызматтардын өзгөчө көңүл бурушун талап кылат. Биз ар бир жаран өзүн корголгонун сезе турган системаны орнотушубуз керек», — деген Сурабалдиева.

Жыйындын соңунда вице-премьер жергиликтүү жана мамлекеттик бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилгени айтылат.

Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбеков 13 жаштагы мектеп окуучусун зордуктады деп шектелген үч кишинин экөөнү актаганы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

Количество просмотров: 10121