• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мамытканов: Президенттик шайлоону өткөрүүгө 500 миллион сом бөлүнгөн

19 Жетинин айы 2020 11:33 Бишкек Govori.TV

Президенттик шайлоону өткөрүүгө 500 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында вице-премьер-министр Максат Мамытканов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

Мамыткановдун айтымында, шайлоого коротула турган каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн жана сырттан каржылык колдоо болгон эмес.

“Кечээ президенттик шайлоону өткөрүү үчүн түзүлгөн штабдын жыйынында президенттик шайлоодо коротула турган каражаттын суммасы айтылды. Финансы министрлигинин маалыматы боюнча алдыдагы өтчү президенттик шайлоого жарым миллиард сом бөлүнгөн”, – деди Мамытканов.

Количество просмотров: 194