• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Асрандиев: Салык төлөмдөрүнөн толугу менен бошото албайбыз 

7 Чын куран 2020 11:17 Бишкек Govori.TV

Ачык айтыш керек, биздин өкмөт башка өнүккөн өлкөлөрдөй эле салык төлөмдөрүнөн толугу менен бошотуп же кайтарымсыз негизде насыялоо бере албайт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бюджет мындай мүмкүнчүлүк түзүп бере албайт жана учурдагы кырдаалды так түшүнүү керек.

«Анткени биз республикалык бюджеттен каржыланган жарандарыбыз алдындагы милдеттерибизди аткарышыбыз зарыл – бул пенсияларды, жөлөк пулдарды жана айлык акыларын төлөө. Кошумча мүмкүнчүлүк жана өзүбүздүн стабилдүүлүк фонддор бизде тилекке каршы жок. Биз бизнеске жардам сураганда өзүбүздүн күчүбүздү реалдуу эсептеп алышыбыз керек», — деп билдирди ал.

Количество просмотров: 146