Театрлардын иштөөсү эпидемиологиялык абалга жараша болот. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов брифингде билдирди.
Анын айтымында, абал турукташпаса театрлар онлайн режиминде иштейт.
«Театрлар 1-августтан баштап иштөөсү күтүлүүдө. Абал турукташпаса онлайн режиминде иштейт. Мисалга алсак, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын rusteatr.kg сайтына кирип, спектаклдерди көрсө болот. Музейлердин да соцтармактарда баракчалары бар. Ал жерде ар кандай акцияларды уюштурууда. Учурда музей, китепкана жана театрлар жабык”, — деди министр.