• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Ассоль Молдокматова «Хеллоуин» майрамына каршы

31 Тогуздун айы 2018 9:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек.31.10.2018.Govori.TV
Бүгүн 31-октябрда, Кыргызстандын кээ бир жаштары Европадан жайылган “Хеллоуин” майрамын белгилеп жатышат.
«Хеллоуин» Британия менен Ирландия элдерине тиешелүү майрам болуп эсептелинет. Көпчүлүк мусулман эли “Хеллоуин” майрамын белгилөөгө тыю салат. Алар анын себебин зулумдук жана таш боордукту жайылтуу деп түшүндүрүшөт. Бирок ага карабай “Хеллоуин” жаштар арасында кулачын кенен жайып бара жатат.
Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова бул майрамга каршы экенин жана жакындарын бул майрамды белгилөөбөгө үгүттөгөн оюн мындан бир нече убакыт мурун билдирген. Бул жагынан Ассоль Молдокматованы колдогондор көп.
Ал бул көйгөй мамлекттик деңгээлде каралышы керек деп жазып чыккан. Бирок андан бери бул пикирге өкмөт тарабынан эч кандай реакция болгон эмес.
«Хеллоуин-жок!  Менин бул айткандарым коомчулукка жана бийликке айткан кайрылуум болсун. Жок дегенде алар ойлонушаар.. Бул көйгөй мамлекттик деңгээлде чечилиши керек»,-деген Ассоль Молдокматова.
Жаш өспүрүмдөрдүн денесине тартылган коркунучтуу сүрөттөр окуучулардын психологиясына терс таасирин тийгизет.
Количество просмотров: 31