• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ассоль Молдокматова Камчы Колбаевди мактаган видео талкуу жаратты

9 Теке 2020 9:50 Бишкек Govori.TV

Телеалпаруучу жана продюссер Ассоль Молдокматова, кримтөбөл Камчы Көлбаевге ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу, ал атайын видео билдирүүсүндө айтты.

“Кечээ эле, Чолпон-Атанын ооруканасы кислороддук конденсаторлорго, башка медициналык жабдыктарга муктаж болуп жаткан. Мен Камчы Көлбаевге кайрылдым. Кайрылар менен бүгүн, баардык керектүү каражаттар алынып келинди. Сизге чоң рахмат, Камчы мырза. Сиз көп жылдардан бери маданият кызматкерлерин, спортчуларды колдоп келесиз. Мен сизге жардам сурап 2 жолу гана кайрылдым. Сиз дароо жооп кылып, жардам бердиңиз. Сизге чоң рахмат”, — деди ал өз кайрылуусунда.

https://www.facebook.com/assol.moldokmatova/videos/3076816779050917/

Ал эми Молдокматованын бул билдирүүсү соцтармакты эки анжы ойго салды. Айрымдар бул демилгеге кескин сын пикирлерин да айтышууда.

Количество просмотров: 139