• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров Ташиевдин Көлбаев тууралуу айтканы боюнча комментарий берди

23 Үчтүн айы 20259:56 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин өлтүрүлүшү боюнча комментарий берди.

Өлкө башчы Жапаров Ташиев оюн орус тилинде жеткиликсиз айтып алганын белгилеген.

«Чындыгында эле ошол күнү маалымат түшөрү менен башкы прокурорго чалып «окуя болгон жерге тез арада барып, дыкат карап мага ыкчам маалымат бериңиз» дегем. Ал аскер прокурору жана тиешелүү кызматкерлери менен барып, текшерип, Көлбаевди кармоого аракет кылганда ал жана жан сакчылары тараптан куралдуу каршылык болгонун айткан. «Атайын кызматтын аскерлери өз өмүрлөрүн сактоо үчүн каршы ок чыгарууга мажбур болуп, шектүү ошондон улам каза болуптур» деп маалымат берген. Башкача айтканда, кызматкерлер өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын, мыйзамдардын чегинен чыгышкан эмес. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мыйзам жана инструкция бар. Ушул мыйзамдар иштеген. Бул мыйзамдар эч кимдин буйругусуз аткарылат. Камчыбек Кыдыршаевич ушул жөнүндө орусча сүйлөп жатып, оюн толук жеткире албай калган. Бул мыйзам бардык өлкөлөрдө колдонулат, дүйнөлүк практика. Кылмышка шектүүлөр куралдуу каршылык көрсөтүп атса, биз кылмыштуулукка каршы күрөшүп келген аскерлерибиздин өмүрүн тобокелге сала албайбыз да. Андыктан бул жакта эки ача пикир болушу мүмкүн эмес», — деген президент.

Количество просмотров: 957