• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Астанада Коргонуу университетинин алдындагы Назарбаевдин эстелиги алынды

15 Үчтүн айы 20249:37 Бишкек Govori.TV

Казакстандын баш калаасы Астанадагы Улуттук коргонуу университетинин аймагындагы туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин эстелиги алынды. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы билдирди.

Эстелик Назарбаевдин 80 жылдыгына карата 2020-жылы орнотулган. Былтыр декабрда Казакстандын Тунгуч президенти-Елбасы атындагы Улуттук коргонуу университетинин аталышы жөн гана Казакстандын Улуттук коргонуу университети деп өзгөртүлгөн. Коргоо министрлиги билдиргендей, эстелик Казакстан Куралдуу күчтөрүнүн мамлекеттик аскердик-тарыхый музейине жайгаштырылат.

2022-жылы күзүндө Казакстанда Туңгуч президенттин күнү мамлекеттик майрамдардын тизмесинен чыгарылып, баш калаанын аталышы Нур-Султандан Астана болуп өзгөртүлгөн. 2023-жылдын башында Казакстандын Конституциялык соту “Биринчи президент-Елбасы” тууралуу мыйзам күчүн жоготкондугун билдирген. Баш мыйзамдан Назарбаевдин макамы жана ролу тууралуу баардык сүйлөмдөр алынган. Ошол эле жылы президент Касым-Жомарт Токаев бул мыйзамды жокко чыгаруу жөнүндө буйрукка кол койгон.

Назарбаевдин ошондой эле “ардактуу сенатор” макамы да алынып, канцеляриясы жабылган.

Количество просмотров: 60