• Жекшемби 10 Бештин айы 2023
  • Воскресенье 10 Декабрь 2023

Астанада Түрк мамлекеттер уюмунун X саммити башталды

3 ноября 2023 в 13:34 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрда, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин кезектеги онунчу жыйынына катышуу үчүн Астана шаарындагы «Акорда» президенттик сарайына келди.

Президенттик сарайда иш-чарага келген өлкө лидерлерин жана делегация башчыларын Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Саламдашуу аземи жана чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкөнүн лидерлери жыйындар залына өтүштү.

Саммиттин ишине уюмга мүчө — Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышууда.

Венгриянын Премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы саммиттин ишине ТМУга байкоочу макамы бар өлкөлөр катары катышууда.

Количество просмотров: 105