“Аланда” мейманканасынан табылган маркумдун денесинен кыйнап өлтүрүү белгилери байкалган эмес. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн бул окуя тууралуу кеңири маалымат берилген жок.
Буга чейин казак жергиликтүү басылмалары мейманканалардын биринде скотч менен оролгон атайын кызмат өкүлүнүн сөөгү табылганын жазышкан.
Улуттук коопсуздук комитети бул окуя тууралуу билдирүү жасай элек. Мейманкана кадыресе режимде иштеп жатат.