• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сот Асылбек Жээнбековду эркиндикке чыгарды

9 Бештин айы 202116:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-декабрда Бишкек шаарына караштуу Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековду абактан бошотту.

Судья Нурдин Ибраимов УКМКнын тергөөчүлөрүнүн өтүнүчүн канааттандырды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш «Кумтөр иши» боюнча айыпталган депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат берген жок. Парламент эки депутаттын Конституциядагы ыйгарым укуктары бузулуп, камалган деп тапты. Жээнбеков менен Зулпукаров «Кумтөр иши» боюнча коррупцияга шек саналып быйыл июнда атайын кызматтын тергөө абагына камалышкан.

Количество просмотров: 397