• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын кароо кийинкиге калтырылды

8 Бештин айы 2021 14:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-декабрда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын кароону кийинкиге калтырды. Процесс 10-декабрга жылдырылды.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңеш депутаттарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартса, бул аларды камактан бошотууга негиз болорун, ал эми аларга карата иш алардын ыйгарым укуктары аяктаганга чейин токтотуларын билдирген.

Бүгүн ЖК парламент депутаттарын кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунан баш тартты.

Эске салсак, Жээнбеков менен Зулпукаров «Кумтөр иши» боюнча коррупцияга шек саналып быйыл июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалышкан. Жетигеновду УКМК “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.

Количество просмотров: 111