• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Депутат Төрөбай Зулпукаров камактан чыкты

9 Бештин айы 2021 16:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту депутат Төрөбай Зулпукаровду камактан бошотту.

Судья Нурдин Ибраимов УКМКнын тергөөчүлөрүнүн өтүнүчүн канааттандырды.

Буга чейин саясатчы «Кумтөр» иши боюнча кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш «Кумтөр иши» боюнча айыпталган депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат берген эмес. Парламент эки депутаттын Конституциядагы ыйгарым укуктары бузулуп, камалган деп тапты. Жээнбеков менен Зулпукаров «Кумтөр иши» боюнча коррупцияга шек саналып быйыл июнда атайын кызматтын тергөө абагына камалышкан.

Количество просмотров: 653