• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Асылбек Жээнбековдун соттогу сүрөтү

23 Кулжа 2021 13:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык сотунда «Кумтөр иши» боюнча кармалган Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулардын өтүнүчү каралды.

Сотко алынып келинген Асылбек Жээнбековдун сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланды.

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, учурдагы депутат УКМК тарабынан 31-майда кармалган. Ал Кумтөр кениндеги коррупцияга тиешеси бар деп шектелүүдө.

Количество просмотров: 4246