• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Комиссия: Жээнбековдун күнөөсүн ырастоочу тикелей далилдер жок

8 Бештин айы 2021 12:04 Бишкек Govori.TV

Абакта отурган депутат Асылбек Жээнбековдун, Төрөбай Зулпукаровдун кол тийбестигинен ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын маалыматын караган депутаттык комиссия ишинин жыйынтыгын чыгарды.

Комиссиянын төрагасы Канат Исаев парламентке маалымат берди.

«УКМК жана Башкы прокуратуранын маалыматын угуп, депутаттын жактоочулары менен аңгемелештик. Берилген материалда шектүү тууралуу далил базасы жок экени көрүнүп турат. Ой жана божомолдордон башка Жээнбековдун күнөөсүн ырастоочу тикелей далилдер жок экенин баса белгилей кетүү кетек. Мурдагы депутаттар Талант Узакбаев, Исхак Пирматов жана Алмазбек Баатырбековдун көрсөтмөлөрүнө гана негизделген. Алар УКМКнын тергөө абагында отурган учурда көрсөтмө берген. Тергөө менен кызматташууга кол койгон. Ошондуктан алардын көрсөтмөсү шек жаратат», — деди Исаев.

Бүгүн, 8-декабрда ЖКнын жалпы жыйынында 1-декабрда түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу каралып жатат.

Эске салсак, Жээнбеков менен Зулпукаров «Кумтөр иши» боюнча коррупцияга шек саналып быйыл июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалышкан.

Количество просмотров: 172