• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Асылбек Жээнбеков өкмөттү сынга алды

22 Тогуздун айы 2018 15:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек.22.10.2018.Govori.TV.

Өкмөт мүчөлөрүнүн берилген суроолорго так жооп бере албай жатканы үчүн депутат Асылбек Жээнбеков сынга алды. Бүгүн Жогорку Кеңештин парламенттик комитетинде өкмөт мүчөлөрү суроолорго так жооп бере албай жатышты.

Анда «Вице-премьер баш болуп келип алып бажы саясаты менен салык саясатына жооп бере албай жатат. Бизде эмес экен. Биз жооп бербейбиз деп айтпаңыздар. Бул эмне деген жооп? Өкмөт болгондон кийин баарына жооп беришиңер керекда», — деди эл өкүлү.

Ошондой эле депутат учурдагы көмүскө экономика канча пайызды түзөөрүнө кызыкты.

Ал эми Жээнбековдун бул суроосуна экономика министринин өкүлү аталаган көрсөткүч учурда 24,5 пайызды түзөөрүн билдирди.

«Мурда 70 пайызды түзөт деп айтылчу эле. Жылдан-жылга азайтып отуруп, эми эсептебей эле 24 пайыз деп жатасыңар. Көмүскө экономиканы жоюш керек», — деди Асылбек Жээнбеков.

Количество просмотров: 33