• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ат-Башыда 60 жаштагы аялды «КамАЗ» сүзүп, ал каза болду

2 Бугу 2020 16:06 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 60 жаштагы аялды «КамАЗ» сүзүп, ал окуя болгон жерде жан берди. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн, 2-май күнү саат 12:00 чамасында катталып, унааны Чүй облусунун 62 жаштагы тургуну башкарып бара жаткан. Ал унааны жолдон буруп жатып аялды сүзүп алган.

Учурда аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертиза тартылган. Ал эми транспорт айып короосуна токтотулган.

Количество просмотров: 515