• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ат-Башыда салмак-габариттик көзөмөлдүн кызмат адамдары кармалды

24 Теке 2023 13:00 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Ат-Башы» салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, Транспорт жана жолдор министрлигинин Нарын райондук автомобиль, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын Ат-Башы райондук салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан Кытайдан жүк ташууга адистешкен оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары аныкталды.

«Тактап айтканда, жогоруда аталган Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылында жайгашкан салмак-габариттик көзөмөлдүн кызмат адамдары мыйзамда белгиленген нормаларды кыйгап өтүп, материалдык баюу максатында оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан 500 сомдон 3 миң сомго чейин акча каражаты системалуу түрдө алынып, белгиленген өлчөмдөгү салмактан ашып кеткен фактыларды жашырып жана айып төлөөдөн качууга жардам берип келишкен. Салмак жана габариттик контроль кызматкерлери тарабынан айып салынган каражаттардын белгиленген өлчөмүн (17500 сомдон жана андан ашык) кем баалоодон жана аларды максатсыз пайдалануунун натыйжасында өлкөнүн бюджетиндеги финансылык ресурстардын жоголушуна алып келди. Козголгон кылмыш ишинин жана соттун чечиминин алкагында Ат-Башы райондук салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызмат адамдарынын бардык мыйзамсыз аракеттери видео/аудио жазууга жазылып, бул фактыларга тиешеси бар адамдар кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Иштин жагдайларын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө, ошондой эле бул фактыга башка адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо максатында тиешелүү тергөө-ыкчам чаралары көрүлүүдө.

Количество просмотров: 396