Итти кордогон атчан табылып, милицияга жеткирилген. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарда ат минген киши итти куйругунан сүйрөп бара жаткан видео тараган.
Милициядан кабарлашкандай, бул факт Өзгөн районунун ИИБде катталып, тергөө иштери башталган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында ал адам ким экендиги аныкталды.
15-августта Өзгөн районунун 1972-жылы туулган тургуну Ж.Ж. жергиликтүү милиция бөлүмүнө жеткирилип, суракка алынган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет, деп кошумчалашты ИИБ.