• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Ата-энелер мектепке электрондук каттоодогу системанын бузулушуна даттанышууда

11 Чын куран 2022 12:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүндөн тартып балдарды 1-класска кабыл алуу башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинин билдирүүсүнө караганда, мектеп жашындагы балдарды 1-класска кабыл алуу mektep.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап: 11-апрелден 27-июнга чейин – катталган жери боюнча. Экинчи этап: 27-июндан 10-сентябрга чейин – учурда жашап жаткан жери боюнча.

Бирок, ата-энелер социалдык тармак аркылуу катоодон өтө албай жаткандыктарын кабарлашууда. Алардын айтымында сайт иштебей жатат.

скриншот/Facebook
Количество просмотров: 173