• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

«Ата Мекен» фракциясы акыйкатчы кызматына Канатбек Азизди көрсөтөт

20 Баш оона 201819:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.08.2018.Govori.TV.
«Ата Мекен» фракциясы акыйкатчы кызматына Канатбек Азизди көрсөтөт. Бул тууралуу маалыматты талапкер өзү билдирген.
«29-июнда аталган фракциянын жыйыны өтүп, мени акыйкатчы кызматына көрсөтүү боюнча чечим чыккан. Мыйзам боюнча, бир фракция 3 талапкерди чыгарса болот. Мени жалгыз талапкер кылып көрсөтүштү», — деди Канатбек Азиз.
Учурда Канатбек Азиз «Ата Мекен» фракциясынын катчылыгынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенип келет.
Аталган кызматта Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта иштеп келген. Ал 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Анын арызын Жогорку Кеңеш 27-июнда  кабыл алган.

Количество просмотров: 45