• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Канатбек Азиз: Жапаров көтөргөн демилгени коңшу өлкө башчылары ишке ашырат деп ойлойм

23 Чын куран 202618:05 Бишкек Govori.TV

Казакстандын борбору Астана шаарында Борбор Азиядагы климат жана экология маселелери боюнча кызматташтыкты бекемдөөнү көздөгөн аймактык экологиялык саммит өтүүдө. Үч күндүк иш-чарада мамлекет башчылары, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана эксперттер суу тартыштыгы, климаттын өзгөрүүсү жана биологиялык ар түрдүүлүктүн азайып баратышы өңдүү көйгөйлөр, аларды биргелешип чечүү жолдору талкууланууда.

Саммитте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргызстандын аймагында түзүлгөн суу ресурстарынын жалпы жылдык көлөмү болжол менен 50 млрд куб метр деп эсептелерин, Кыргызстан өз муктаждыктары үчүн болгону 12 млрд куб метрге жакын сууну пайдаланарын, ал эми калган 38 млрд куб метр суу коңшу мамлекеттерге кетерин айтты. Суу ресурстарынын пайда болуу зонасын коргоо жана сактоо үчүн олуттуу каржылык жана адам ресурстары жумшалып жатканын, ошону менен бирге бул үчүн казылып алынган отун түрүндө компенсация албай жатканын кошумчалаган.

Президенттин алдындагы Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун экс-директору Канатбек Азиз президенттин саммит учурунда көтөргөн маселелерин колдоого алды.

«Азыркы Борбор Азияда суу маселеси боюнча аябай чоң коркунуч туудурат. Тилекке каршы союз бузулгандан бери бизде сууну компенсация деген маселелер башка мамлекеттер менен ошол эле Казакстан мен болобу, Өзбекстан менен болобу же башка мамлекеттер менен болобу компенсация маселеси тилекке каршы ошол эле тарифте калып кеткен», — деди ал.

Количество просмотров: 154