• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мамашова «Ата Мекен” фракциясынын лидерлигинен баш тартты

16 Тогуздун айы 2020 11:54 Бишкек Govori.TV

Айсулуу Мамашова «Ата Мекен” фракциясынын лидерлиги кызматынан өз ыктыяры менен баш тартты. Бул тууралуу аталган фракциянын басма сөз кызматы кабарлайт.

«Ал мындай чечимди партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайра кайтарып алып, парламентке келгендигине байланыштуу кабыл алды», — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам, Текебаев 15-октябрдан тарта “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери катары ишмердигин уланта баштаган.

Эске салсак, Айсулуу Мамашова фракциянын лидерлигине 2019-жылдын 27-декабрында шайланган.

Количество просмотров: 308