• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Атай Бейшенбек: Сырттан телефон киргизүү мүмкүн эмес

20 Бугу 2023 12:46 Бишкек Govori.TV

Бизге сырттан телефон киргизүү мүмкүн эмес. Кирип чыккан сайын кылдат атайын аппарат аркылуу тинтүү кылат жана камера оозунда бир эмес, эки видеокөзөмөл турат. Бул тууралуу билдирүү жарандык активист Атай Бейшенбектин соцтармактагы баракчасында жарыяланды.

«Бул сөздөрүмдү Кемпир-Абад боюнча камалгандардын көбү тастыктап берет. Интрига жасаган жетекчилерге коом жана өлкө башчысы баа берип, чечим кабыл алуусу керек», — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин КРнын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 21- мекемесинде (СИЗО-1) Атай Бейшенбек улуу Айып изоляторуна киргизилген.

Жазаларды аткаруу кызматы буга мерчемделген тинтүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда айыпталуучудан REDMI үлгүсүндөгү уюлдук телефон табылганы себеп болгонун кабарлаган.

Количество просмотров: 102