• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Атай Бейшенбек, Бузурманкулов, Сасыкбаева сотко жеткирилди

16 Бирдин айы 2023 13:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-февралда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы кароо уланууда.

Азыркы тапта саясатчы Асия Сасыкбаева, Талас облусунун мурдагы губернатору Айбек Бузурманкулов, жарандык активист Атай Бейшенбек сотко жеткирилди.

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразычылыгын билдирген саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активисттер камакка алынган. Учурда 20дан ашуун киши Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат, бир нечеси үй камагына чыгарылган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.

Биринчи Май райондук сотунун аларды 20-февралга чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Иш жашыруун деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон.

Количество просмотров: 135