• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Атай Бейшенбекке 11 кылмыш иши козголгону белгилүү болду

16 Бирдин айы 2023 17:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 15-февралдагы токтомуна ылайык, жарндык активист Атай Бейшенбекке карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2023-жылдын 20-апрель күнүнө чейин узартылды.

«Мага карата 11 кылмыш иши козголуптур»,-деди активист.

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразычылыгын билдирген саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активисттер камакка алынган. Учурда 20дан ашуун киши Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат, бир нечеси үй камагына чыгарылган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.

Биринчи Май райондук сотунун аларды 20-февралга чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Иш жашыруун деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон.

Количество просмотров: 475