• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атайын репортаж: Элдик курултай максатына жете алабы?

27 Баш оона 2021 18:00 Бишкек Govori.TV

Баш мыйзамдын жаңы долбооруна ылайык, Кыргызстанда Элдик курултай институту киргизилди. Курултай президенттен, өзүнүн төрагасынан жана парламенттин спикеринен отчет алат деп жазылган. Андан сырткары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын жумуштан бошотууну сунуштаганга укуктуу болот.

Айрым юристтер менен саясатчылар Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы Элдик курултай институту көп суроо жарата турганын айтышып, Эң башкысы бул орган парламенттин ролун кайталап калганын белгилешүүдө.

Курултай идеясын көтөргөндөр Жаңы иштелип чыккан Конституцияда Элдик курултай мурдагыдан бир кыйла кеңейтилген түрдө көрсөтүлгөнүн белгилешти.

Бүгүнкү күндө курултай кандай иштейт, аны ким каржылайт деген суроонун тегерегинде бүйүр кызыткан талаш-тартыш көп. Ошол эле учурда коомдук жыйынга кимдер мүчө боло алат деген суроо курч турат. Каалагандардын саны көп. Электен кимдер өткөрөт? Президент Садыр Жапаров Конституциянын жаңы редакциясында сунушталып жаткан Элдик курултай институту коомдук башталыштагы орган болорун ошондой эле, бул орган жылына бир жолу чогуларын «7-каналга» берген маегинде айтканы бар. Жапаровдун божомолунда, Элдик курултайга аймактардан кеминде 2-3 миң киши келиши ыктымал.

Ал эми Коомдук ишмер Алманбет Матубраимов Элдик курултай институту Баш мыйзамга киргизилгенден кийин анын ишмердигин жөнгө сала турган мыйзам сөзсүз кабыл алынышы керектигин айтат.

Эгемендүүлүк алгандан бери бүткүл кыргыздардын курултайы бир нече жолу өткөн. Акаев менен Бакиевдин тушундагы курултайлар саясий өңүткө бурулуп кеткени бүгүнкү күнгө дейре айтылып жүрөт. Конституция менен тескелген курултай мындан ары чиеленишкен маселелерди чечип, максатына жетеби? Убакыт көрсөтөт…

Количество просмотров: 479