• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Атайын репортаж: Мөөнөтү бүткөн 6-чакырылыш мыйзамдарды кабыл алууда

5 Теке 2021 18:03 Бишкек Govori.TV

Өткөн жылдын 22-октябрында Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды өзгөртмөйүнчө парламенттик шайлоону өткөрбөй туруу жөнүндө мыйзам кабыл алган. Анда «Конституциянын атасы» делген саясатчы Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар легитимсиз парламенттин мөөнөтүн узарткан.

Ушул жерде кайчы пикирлер жаралды. «VI чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү бүткөн» дегендер менен «ишин улантышы зарыл» деген тараптар дал ушул эки беренеге таянып жатышат.

Жаңы парламенттик шайлоонун жол-жобосу белгилүү болгону менен так датасы белгилене элек. 2020-жылы мөөнөтү аяктаган депутаттар бийлик алмашуу жана коомдук-саясий жагдайдан улам ишин улантып, VI чакырылыштын «өмүрү» улам узарды.

Бул чакырылыш коомчулукта көп сынга кабылды. Жоопкерчилиги жок парламент деп бааланып, өкмөт менен президенттик аппараттын юридикалык бөлүмү катары сыпатталды. Муну айрым депутаттар да өздөрү моюнга алып, Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алып берген нотариус болуп калганын айткандар болгон.

Ушул эле чакырылыш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун демилгелеп, референдумду дайындоо тууралуу мыйзамды кабыл алган. Эми мыйзамдарды алты айдын ичинде Баш мыйзамга ылайык келтирүү алдында турат.

Ал эми депутаттар VI чакырылыш ишин аяктап баратканда шайлоо мыйзамдарын өзгөртүп, жаңы саясий күчтөргө жол ачып бериши керек экенин айтып жатат.

Количество просмотров: 1142