• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Евробиримдик миграция саясатын катаалдаштырууну көздөп жатат

17 Чын куран 202515:21 Бишкек Govori.TV

16-апрелде Еврокомиссия (ЕК) Брюссель «коопсуз келип чыккан өлкөлөр» деп эсептеген жети «коопсуз» өлкөнүн тизмесин сунуштады, деп билдирет DW.

Алгачкы тизмеге Бангладеш, Колумбия, Косово, Египет, Индия, Марокко жана Тунис кирген. Бул кадам Евробиримдикке мүчө мамлекеттерге башпаанек сураган арыздарды кароо жана мигранттарды «коопсуз» деп эсептелген өлкөлөргө кайтаруу процессин тездетүүгө мүмкүндүк берет.

Миграция боюнча Еврокомиссар Магнус Бруннер белгилегендей, Евробиримдиктин көптөгөн өлкөлөрүндө арыздар каралбай калып жатат, андыктан «чечим кабыл алуу процессин тездетүү боюнча чаралар өтө маанилүү».

Брюссел Евробиримдиктин айрым мүчөлөрү буга чейин улуттук деңгээлде ушундай тизмелерди колдонушканын эске салды.

Количество просмотров: 265