• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атайын репортаж: Президент калкалаган Министрлер кабинетинин төрагасына эми депутаттардын сөзү өтпөйт

7 Теке 2021 18:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жаңы Баш мыйзам кабыл аланганы бийлик органдарынын иши, милдети, укугу кыйла өзгөрдү. Айрымдардыкы кыйла кеңейсе, кээ бирлериники тескерисинче кыскарды. Дал ошо укуругу кыскаргандардын арасында Жогорку Кеңеш бар, бирок мөөнөтүн мыйзамсыз узартууга айыпталган 6-чакырылыш көнгөн адатынан арыла албай жаткан чыгы.
17-июнда парламентте бир нече депутат өлкөдөгү кургакчылык, кымбатчылык үчүн Министрлер кабинетин айыптап, анын төрагасын кызматтан кетирүүнү талап кылышты.
Бирок, депутатардын бул талабы аткарылбасы ачык, себеби жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча, аткаруу бийлигине болгон жоопкерчилик толугу менен президенттин карамагына өткөн.
Ал эми ар бир сынга жооп кайтарып олтурган, министрлер кабинетинин төрагасы кызматтан кетүүгө даяр экенин байма-бай айтып жатты.
Коомчулукта аткаруу бийлиги толук президенттин колуна өткөн системада кайра эле өкмөт сын кептерге арзып жатканын талкуу жаратты.
Ал эми саясат талдоочу Табылды Акеров учурдагы жаңы баш мыйзамдар менен эл өкүлдөрү өздөрү да аягына чейин таанышып чыга электей элес калтырып жатканын айтат.
Жаңыдан ишке кирген Баш мыйзамга ылайык, мурдагы өкмөттүн аппараты менен президенттин аппараты бириктирилип, президенттик администрация түзүлгөн. Министрлер кабинети түз президент Садыр Жапаровго баш ийет.
Жаңы конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин төрагасына ишенбөөчүлук көрсөтө албайт. Депутат Сайдулла Нышанов, аткаруу бийлигине айтылган сындар, нааразычылыктар автоматтык түрдө өлкө башчынын дарегине айтылып калаарын белгилейт.
Эл өкүлү Дастан Бекешев аткаруу бийлигинин ишине карата сындар парламент тарабынан айтылып туруусу керек дейт.
Кыргызстандын эгемендик тарыхында жыйырмадан ашык өкмөт башчы болсо, алардын көбү кыска убакыт гана иштеген. Буга ар кандай саясий-экономикалык жагдайлардан улам аткаруу бийлигине карата айтылган сын-кептер, нааразычылыктар себеп болгон.
Парламент депутаттары премьер-министрлерди айыпташып, аны менен кошо жалпы өкмөттү шашылыш алмаштырып жиберген учурлар да болгон.
Ал эми учурдагы жаралган абалда Жогорку Кеңештин ар бир кадамы түрдүү суроолор менен коштолууда. Андыктан жакынкы аралыкта кабыл алынган Жаңы конституцияга баардык мыйзамдарды ылайык келтирүү керек.

Количество просмотров: 362