• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атайын репортаж: Шайлоо жылып, өлкөдө кандай окуялар орун алды?

28 Аяк оона 2021 19:54 Бишкек Govori.TV

Элдик толкундоолордон улам бийликтин кулашына алып келген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы 2020-жылдын октябрь айында жокко чыккан. Дээрлик бир жыл өткөн чоң кайталап шайлоонун күнү белгиленди. Эми кыргызстандыктар парламент депутаттарын аралаш система менен шайлоо алдында турат.

Өткөн жылдын 22-октябрында Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды өзгөртмөйүнчө парламенттик шайлоону өткөрбөй туруу жөнүндө мыйзам кабыл алган. Муну менен 6-чакырылыштын  депутаттары легитимсиз парламенттин мөөнөтүн узарткан.

Мындан улам коомчулукта кайчы пикирлер жаралды. Бир тарап  «VI чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү бүткөн»  десе, экинчи тарап «учурдагы парламент ишин улантышы зарыл» дешүүдө.

Бирок коомчулуктага сын-пиркилерге карабастан 6-чакырылыш өз иштерин улантып, парламентке келген мыйзамдарды пачкалап кабал алып жатышты.  А түгүл өкмөт менен президенттик аппараттын юридикалык бөлүмү катары сыпатталды. Муну айрым депутаттар моюнга алып, мыйзамдарды кабыл алып берген нотариус болуп калганын айтышкан.

Ушул эле чакырылыш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун демилгелеп, референдумду дайындап, кабыл алынган жаңы Баш мыйзамга мыйзамдарды ылайык келтирүү аракетин көрүштү. Өлкөдө мыйзамсыздык жүрүп жатат деген учурда сындан башы чыкпаган 6-чакырылыштын мөөнөтү дагы узарды. Алгач жазда, анан жайда деп олтуруп 7-чакырылыштын депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтмөй болду. Бирок, шарттары бир катар талаштарды жараткан бул шайлоо коомчулукта бир катар кайчы кептерди жаратты.

Ал эми Каныбек Осмоналиев кайра шайлоо коомчулуктагы бир катар суроолорго жооп боло турганын айтып, аны таза өткөрүу керектигин белгилейт.

Ал эми саясат талдоочу Шаирбек Маматокторов кайталап шайлоонун мөөнөтү узарып кеткенин туура эмес деп эсептейт. Анын айтымында октябрдагы окуялардан соң эле кайра шайлоо өткөрүү туура болмок.

Деген менен бул бир жыл аралыгында шайлоо мыйзамдарына бир катар өзгөрүулөр киргизилди. Партиялар үчүн мамлекет бүтун бир округ болсо, ал эми бир мандаттуу шайлоо системасы үчун Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо округдарынын схемасы менен чектерин бекитип, 36 өзүнчө округ пайда болду.

Учурда кайталап шайлоога даярдыктар күч алды. БШКга шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирсе, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлердин саны 40ка жетти. Мындан тышкары партиялар бири-бири менен келишим түзүп шайлоого чоогу барууга макулдашууда. А түгүл камактагы мурунку президент Алмазбек Атамбаев да шайлоого катышууну ойлонуп жатканын билдиригени бар.

Ал эми коомчулукта мөөнөтүнөн бир жыл кечиккен парламентке кайра шайлоо өлкөдө бийлик алмашып, саясий күчтөрдүн балансы өзгөргөн шартта өткөнү жатканы айтылууда.Себеби, Өмүрбек Бабанов, Асылбек Жээнбеков баштаган бир топ саясатчыларга «Кумтөр иши», дагы бир канчасына «Коррупция», «Мыйзамсыз баюу» беренелери менен кылмыш иши козголуп, айрымдары камакта.

Белгилей кетсек, Кыргызстан кайрадан 16 жылдан кийин бир мандаттуу мажоритардык система менен шайлоо өткөрүү алдында турат. Ал эми партиялык ачык тизме менен биринчи жолу шайлоо өтөт. Коомчулукта 2020-жылдагы окуялар кайрадан кайталанып, өлкөдө кайрадан башаламандык болбойбу деген чочулоолор абрын.

Количество просмотров: 201