• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Атамбаев 600 долларлык аттишти эстеди

19 Жетинин айы 2018 22:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.11.2018.Govori.TV.
«Апрель» телеканалына берген маегинде “ТЭЦти реконструкциялоо Кыргызстан үчүн эки эсе кымбат эмес, кошуналарга салыштырмалуу эки эсе арзанга түшкөн” –деди Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев.
«Реконструкциялоонун баасы кадимки баасынан эки эсе кымбат деп жатышат, мен жөнөкөй гана сандар менен жооп берейин. Энергетика тармагында энергетикалык объектинин баасы бир Мегаватттын баасы менен аныкталат. Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодо 300 МВт кошумча кубаттуулуктун баасы 1 МВт 1,28 млн дон айланды. Тажикистанда –1 МВт 1,32. Ошол эле TBEA Дүйшөмбүдө ТЭЦти эки этапта бүтүрдү. Алар биринчи этабын гана көрсөткөнгө аракет кылып, экинчисин жашырып жатышат. Эгер эки этабын теӊ алып карасак, биздегиден кымбат. Башка коӊшуларды карап көрөлү. Єзбекстанда 1 МВт болжол менен 2,44 болот, бизде 1,28. Казахстанда Карагандыдагы 4-ТЭЦти карап көрөлү. Ал жакта 2,31, бизде 1,28. Ошол эле Казахстандын Семейинде 3-ТЭЦ курулууда, 2,88. Биздики, эсиӊиздерге салайын 1,28», — деди Алмазбек Атамбаев.
Анын пикиринде бардык айыптоолор “Сапар Исаковду отургузуу” үчүн ойлонуп табылган.
«Иштин баары, кара пиардын болушунча колдонулгандыгында болууда. Болгону “аттиш” аталган шаймандын эки гана түрү сатылып алынган. Тактап айтканда, ичинде толгон шаймандары бар 600 долларлык эки комплект болгон. Мына ошол ичи арам бирөөлөр тарабынан сатылып алынган эки комплект миӊдеген адамдардын эмгегине “көө жапканга” себеп болду”, –деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.
Эске салсак, 2018-жылдын 29-майында мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иштерге байланыштуу КР КК 303-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган.
Количество просмотров: 33