• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атамбаев Индияга барбай калды

10 Үчтүн айы 2019 21:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.01.2019.Govori.TV.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Индияга барбай калды. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева «Фейсбук» баракчасына жазып чыкты.

«Атамбаев кыска мөөнөттүк эс алуусун кийинкиге жылдырды. Мында саясат издебегиле»,- деп белгиледи Жолдубаева.

Буга чейинки маалыматка караганда, экс-президент үй-бүлөсү менен 11-январда Индияга эс алууга жол тартмак.

Мунун алдында социалдык тармактардын колдонуучулары Алмазбек Атамбаев чет өлкөгө кеткени жатканын, бирок бийлик аны чек арадан чыгарбай коюшу мүмкүн экенин жазып чыгышкан. Жолдубаева буга негиз жок экенин айткан болчу.

Количество просмотров: 10