• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Атамбаев көзү азиз акынды сотко берип, 50 миң сомго утуп алды

12 Бештин айы 2017 19:35 Бишкек Govori.TV

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди сындап жазган “Ажонун ооруп жүрөгү” аттуу ыры үчүн көзү азиз акын Темирлан Ормуков Атамбаевге 50 миң сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу акын өзү биздин каналга билдирди.

Айтымында, соттун чечимин ага адвокаты бүгүн окуп берген. Бир жылдан бери уланып келген Биринчи май райондук сотундагы отурумдун акыркысына жүрөгү кармап, ооруканага жатканы үчүн барбай калган, ошол күнү сот чечим чыгарган.

“Атамбаев менден акча өндүргөндөн уялды. Моралдык, саясий жактан да туура эмес болмок. Анткени, менден жарытылуу акча чыкпайт. Бардар адам болсом, миллионго жыккандан деле кайра тартпайт эле. 50 миң сом деле мага чоң акча. Иштебесем, кайдан, кантип төлөйм”,- деди Темирлан Ормуков.

Азиз акын Атамбаевге карыз кылган ыр саптары 109 создон тураарын, 50 миң сомду чачканда ар бир сөзү 458 сомдон айланаарын айтып, бул ыры эң кымбат чыгармасы болгонун айтып тамашалайт.

Азиз акынга карата мындан башка да сот чечими бар. Сот аны бир айга СИЗОго камоо тууралуу чечим чыгарган. Кызыгы, камагыла, жаза мөөнөтүмдү өтөйүн деп СИЗОго өзү басып барса, майыптыгынан камай алышпасын айтып, жолго салышат. Бирок, ошол эле учурда ал чечим күчүндө калтырылып, шаардан сыртка чыгууга тыюу салынган.

Количество просмотров: 5