• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Атамбаев Кытайдан эмне үчүн “настроениеси жок” келди?

28 Чын куран 2018 20:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.04.2018.Govori.TV.

Апрелдин башында экс-президент Алмазбек Атамбаев Кытайга барып, Си Цзиньпин менен жолугушуп, партиялык иштер боюнча баарлашканын жазышкан.

Айрым маалыматтарга караганда, Атамбаев дагы деле президенттик образдан чыга албай, кыргызга күйгөн киши болуп, Си Цзиньпин менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун талкуулайын деген экен.

Буга Кытай мамлекетинин жетекчиси жакында Сооронбай Жээнбеков Кытайга расмий сапар менен келе турганын, башка маселелер менен биргеликте ушул темир жолун куруу боюнча дагы маселени Кыргызстандын президенти менен талкуулай турганын токтоо гана жооп берет.

Си Цзиньпин ушинтип 20 мүнөттөн ашпаган жолугушууда дипломаттык жол менен Атамбаев менен партиялык гана лидердин деңгээлинде гана сүйлөшө турганын билдириптир.

Атамбаев буга аябагандай арданып, маанайы түшүп, бир канча күн “башы ооруп” жатканы чынбы?

Количество просмотров: 26