Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадырбек Атамбаев милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу 22-ноябрда кечинде Атамбаевдин кызы Алия Шагиева соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал эми Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков да 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин атасы Медетбек Султанбеков айтты.
Эске салсак, бүгүн Султанбековдун үйүндө тинтүү жүргөнүн, өзү ИИМге жеткирилгенин аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлаган.
«Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине 1998-жылы туулган С.Т. массалык башаламандык аркылуу бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде (Массалык башаламандыктар) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Келип түшкөн маалыматтын негизинде зарыл болгон процессуалдык иш-чаралар уюштурулду. Жаран С.Т.нын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү. Шектүү мыйзамда каралган андан аркы аракеттерди көрүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди. Тергөө уланууда», — деп айтылган ИИМдин маалыматында.