Чүйдүн Селекция айылында аялынын кулагы менен мурдун кесип, кыйноо көрсөткөн жаран эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Мындай чечим Сокулук райондук соту тарабынан 22-сентябрда чыгарылган.
“Сокулук райондук сотунун токтому менен Э.А.Э. карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү, тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда, 20-ноябрга чейин колдонулду”, — деп айтылат маалыматта.