• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жан Воинов 1-августка чейин камалды

5 Теке 202516:55 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жан Воиновду 1-августка чейин тергөө абагына камоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Белгилей кетсек, Begemot Kyz деген ат менен белгилүү болгон блогер Алина Жакыпова курбулары менен Sheraton мейманканасында сабалганын айткан. Ал буга Воиновду, анын жубайы жана анын 1994-жылы туулган иниси Р. А. деп айыптаган.

Окуянын өзү 30-июнда болгон, бирок ал тууралуу 3-июлда гана белгилүү болгон. Андан кийин Жан Воинов жана анын кайиниси кармалган.

Жандын апасы Ассоль Молдокматова мушташка комментарий берди. Ал эми соцтармактарда мейманканага бойкот жарыялашты. Укук коргоочулар ошондой эле мейманкананын администрациясын жоопко тартуу керек деп эсептешкен.

Количество просмотров: 236