• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Олжобай Шакир 48 саатка камалды

23 Баш оона 2023 22:32 Бишкек Govori.TV

Публицист, журналист Олжобай Шакирге Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Башаламандык уюштуруу” беренелери боюнча айып коюлуп жатат. Бул тууралуу жактоочу Бактыбек Автандил уулу билдирди.

«Олжобай Шакир Конституциялык укугун колдонуу менен тынчтык митингге чакырган. Акыркы билдирүүлөрү боюнча экспертиза дайындалды. Баш коргоо чарасы эртең түштөн кийин Биринчи май райондук сотунда каралат», — деди жактоочу.

Буга чейин Олжобай Шакир жети сааттан бери дайынсыз болуп жатканын жакындары айтып чыгышкан.

Кийин Олжобай Шакир Улуттук коопсуздук комитетинде экенин жана жанында адвокаты бар экени белгилүү болгон.

52 жаштагы Олжобай Шакир Ысык-Көлдөгү 4 пансионаттын 49 жылга ижарага берилишине нааразы пикирин билдирип жаткан.

Количество просмотров: 130