• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Атамбаев менен Жапаровдун тарапташтары чырдаша кетти

30 Жетинин айы 202016:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук иш Жогорку сотто каралууда. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен Садыр Жапаровдун тарапташы катары таанылган Бакай Кашкарбаевдин ортосунда пикир келишпестик жаралды.

Кашкарбаевдин айтымында, Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча Алмазбек Атамбаев моралдык жоопкерчилик тартышы керек. Мындан улам алардын ортосунда пикир келишпестик жаралды.

Эске салсак, быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Батукаевдин иши боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кескен.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага беш миллион сом айыппул салынган. Ал мамлекеттик чиндеринен жана мамлекеттик наамынан ажыратылган.

Количество просмотров: 12970