• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атамбаев: Менин абалымды Ташиев чечкен эмес, ал мага жардам бергиси келгенин айткан

23 Кулжа 2022 17:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы президент учурда абакта жаткан Алмазбек Атамбаев «Новые лица»  басылмасына берген маегинде Камчыбек Ташиев менен болгон мамилеси тууралуу айтып берди.

«Мени бармактан сорулган кылмыш иштери боюнча камап жаткандар да менден ырахмат күтүп жатканын угуу кызык… Менин шартым жаман эмес. Бирок түрмө деген түрмө да. Эгер менин камерам бийликтегилерге жакса мен орун алмаштырууга кубанычтамын…

Менимче маселени Ташиев чечкен эмес. Прокуратура, соттор президентке баш ийет. Ал эми Ташиев өзү чындап эле жолугушууларда өзүн адамдай алып жүрчү. Анын айтымында, ал мага жардам бергиси келет. Бул үчүн мен ага жеке ыраазычылык билдирем», — деди ал.

Эске салсак, Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы «Батукаев иши» боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. “Батукаев ишинен” тышкары Атамбаев “Кой-Таш иши”, 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар, кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу жемкорлук иштери боюнча да айыпталып жатат.

Количество просмотров: 1494