Бишкек.11.07.2019.Govori.TV.
Алмазбек Атамбаев экинчи жолу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка барган жок. Бул тууралуу анын жактоочулары билдирди.
“ИИМ мурдагы президентти суракка чакыруу менен кайрадан мыйзамды бузууда. Дагы бир жолу биздики туура экенин түшүндүрүп, аларга кат жөнөтөм”,-деди жактоочу Сергей Слесарев.
Белгилей кетсек, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге экинчи чакырууну 10-июлда жөнөткөн. Чакырууда Атамбаев күбө катары 11-июлда эртең менен саат 10:00гө Тергөө кызматына барышы керек болчу.