• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атамбаев тарапташтарын терезеден акмалады (видео)

4 Аяк оона 201913:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 7-8-августтагы кармоо маалындагы мыйзам бузуу боюнча жактоочуларынын арызын карап жаткан учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев аны колдоп келген жубайын, уулдарын жана тарапташтарын терезеден акмалады.

https://www.youtube.com/watch?v=0NfEhDm78sk

Мурдагы президентти терезеден көргөн тарапташтары биргеликте кол булгалап, баары жакшы боло турганын айтышты.

Эске салсак, 7-августта кечинде УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоого аракет кылып, бирок ал ишке ашпай калган. 8-август күнү ИИМ атайын операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген болчу. Ошол күнү кечинде Атамбаевдин тарапташтарыбыз деп «Ала-Тоо» аянтына чогулган адамдарды милиция күч менен тараткан болчу. Акыркы маалыматтар боюнча, эки күндөгү чыр-чатактан 136 киши түрдүү жаракаттарды алышкан. Спецназдын бир кызматкери окко учкан. Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген. Аны менен кошо бир нече жактоочусу да кармалган болчу.

Количество просмотров: 2783