• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Атамбаев өзүн начар сезип сотко келген жок

12 Бештин айы 2019 15:30 Бишкек Govori.TV

Биринчи май райондук сотунда Батукаевдин иши боюнча соттук отурум 17-декабрга жылды. Буга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүн жаман сезип, соттук отурумга келбегени себеп болду.

Жактоочуларынын айтымында, Атамбаевдин кан басымы түшүп кетиши мүмкүн.

Эске салсак, Батукаевдин ишинде айыпталуучу катары төрт адам өтүп жатат, алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-баш прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Количество просмотров: 107