• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атамбаев журналисттердин укугун коргоого чакырды

18 Үчтүн айы 202411:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-январда парламент жыйынында депутат Сеид Атамбаев Кыргызстанда журналисттердин укугун коргоого чакырды.

Депутат акыйкатчы Жамила Жаманбаева да укук коргоо, сот жана прокуратура органдарын журналисттердин укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоого үндөгөнүн белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду.

“Пикирин ачык айтуу жана басма сөз эркиндиги Конституцияда эле эмес, Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактта, Адам укуктарынын жалпы декларациясында жана Кыргызстанда журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө мыйзамда да жазылган. Кечээ күнү сот 11 журналистти эки айга камады”, — деди ал.

Количество просмотров: 143