Бишкек шаардык сотунда 11-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башкы фигурант болгон бир нече кылмыш иши боюнча апелляциялык арызды кароо боюнча биринчи отурум өтөт.
Буга чейин сот бул иштердин материалдарын бир өндүрүшкө бириктирген. Ага «Дастан» ТНКсын мыйзамсыз сатуу, жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу, ЖЭБди модернизациялоо, ошондой эле 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча айыптоолор кирет.
3-июнда Биринчи май райондук соту өкүм чыгарды: Атамбаев мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Анын бир катар тарапташтары дагы түрмөгө кесилди.