• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«14 жылдын ичинде көп нерсе өзгөрдү». Атамбаев Апрель революциясына карата кайрылуу жасады

7 Чын куран 2024 14:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Апрель ыңкылабынын 14 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Анын кайрылуусу социалдык тармактарга жарыяланды.

Төмөндө кайрылууну өзгөртүүсүз келтиребиз:

«Урматту мекендештер!
2010-жылдын 7-апрелинде эл көтөрүлүп, революция болуп, аягында бийлик аргасыз өлкөдөн качкан. Бирок, 7-апрелде Ак үйдө отурган канкорлор аянтка чогулган жарандарды атууга буйрук беришкен. Ошондо 86 жарандын өмүрү кыйылгын. Андан кийин да, өткөн 14 жылдын ичинде ал күнү алган жаракаттардан ондогон жаран дүйнодөн кайтты.

Шейиттердин жаркын элесине таазим этип, алардын жакындарына Жараткандан ден соолук жана берекет тилейбиз.

Апрель революциясына карата ар кайсы пикир бар. Бирок, ошондо накта элдик революция болгону шексиз. Себептери да, элдин толкуну да, натыйжалары да муну далилдейт. Эл кезектеги үй-бүлөлүк кланды өлкөдөн айдап чыгып, андан кийин бийликтин көп жылдан бери жүргүзгөн жарандардын укугун чектөө саясатын токтоткон.

Эл өз укугуна ээ болгондон кийин, экономика, маданият, улуттук аң-сезимдин бекемделишине шарт түзүлгөн. Кыргыздар өз өлкөсү, маданияты, тарыхы менен сыймыктанып калышкан.

14 жылдын ичинде көп нерсе өзгөрдү. Бирок, кыргыз элинин Акыйкат менен Эркиндикти өз өмүрүнөн ыйык тутканы өзгөргөн жок. Муну унуткандар ар дайым катуу өкүнчү. Азыркы бийлик аны жакшы билет жана унутпайт деген үмүтүм бар. Конституцияда бекитилген укуктарды да ар бир жаран үчүн иш жүзүнө ашырууга бийликтин толук мүмкүнчүлүктөрү бар.

Урматтуу мекендештер!
акыйкат, эркиндик, коркпостук жана үмүт символу болуп калган ушул 7 апрель күнү баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр, жакшылык жана ийгилик каалайм! Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!».

Количество просмотров: 203