Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Испаниянын өкмөтүнүн башчысы Педро Санчес менен жолукту. Бул тууралуу анын партиялашы Темирлан Султанбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Педро Санческе Алмазбек Атамбаев дарылануусу боюнча айтып берген.
«Бир катар маселелер талкууланды», — деп жазды ал.
Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев 2023-жылдын февраль айында абактан чыккандан кийин дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен.