«Социал — демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков камактан экс-президент Алмазбек Атамбаевге кат жазган. Аны партиянын мүчөсү Кадырбек Атамбаев өз баракчасына жарыялады. Катта мындай деп жазылган:
«Кымбаттуу Алмазбек Шаршенович, кандайсыз? Ден соолугуңуз жакшыбы?
Азыркы маски-шоуга буйрук бергендер Сизди бийлик менен чыр-чатакка тартууну көздөп жатышат. Кыргызстандын коомчулугун бөлүп-жарууга багытталган чагымчылдыкка, эмоцияга алдырбаңыз.
Азыр эң башкысы, тынчтык жана элдин биримдиги. Депутаттын мандаты биз үчүн эч нерсе эмес. Биз бул шайлоону утканыбызды бардыгы билишет. Биз болгону Бишкек шааркеңешинин деңгээлинде шаардын өнүгүүсүнө колдон келген салымыбызды кошууну ойлогон элек.
Өз чындыгыбызды БШКда, а балким сотто да далилдөөгө аракет кылабыз. Эң башкысы, өзүңүздү караңыз, санаа тартпаңыз. Акыркы медициналык текшерилүүлөр анча жакшы эмес экендигин билем, алдыда операция да турат. Ошон үчүн майда-барат нерселер үчүн тынчыңыз кетпесин», — деп жазган Темирлан Султанбеков.