• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атамбаев журналисттерге жазган арыздары үчүн өкүнөт

19 Жетинин айы 2018 22:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.11.2018. Govori.TV
Дача-Суда болгон авиакырсык боюнча менин жубайымды күнөөлөштү. Тагыраагы кулаган учакта менин жубайымдын жүгү болгонун айтышты. Анын кесепетинен менин жубайым 3 ай бою ооруп жатты. Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына берген маегинде айтты.
Анын айтымында ошол учурда жубайынынын жалган маалыматтардын айынан, түн уйкусун жоготуп, уктай албай жатканын көрүп, ачууга алдырып, айрым басылмаларга жана журналисттерге арыз жазган.
Бүгүнкү күнү ал кылганы үчүн өкүнүп турат.
“Мен ошол убакта эмоцияга алдырып, ушундай кадамдарды жасагандыгым үчүн өкүнүп турам. Ал убакта аларга каршы арыз жазбашым керек эле”,-деди Атамбаев.
Количество просмотров: 24